Кыргызстандагы эрте никелер: Көрүнбөгөн артыкчылыктар жана бул адаттын кемчиликтери
Бул эмгекте Кыргызстандагы эрте никелердин кырдаалына жүргүзүлгөн актуалдуу талдоосу тартууланат.
Эл аралык жана улуттук изилдөөлөргө таянсак, эрте никелердин саны боюнча Евразия мамлекеттердин арасында Кыргызстан алдыңкы орундарды ээлесе, 15-19 жаш куракта төрөгөндөрдүн саны боюнча Азербайжандан кийин эле экинчи орунга ээлик кылууда.
Бул иштин максаты – 2017-жылы мыйзам добооруна киргизилген өзгөрүүлөрдү эске алуу менен Кыргызстанда никелердин эрте кыйылып жаткан көрүнүшү орун алып келе жатканын, натыйжада анын кесепетин жана себептерин изилдөө болуп, аны менен бирге Кыргызстанда эрте
кыйылып жаткан никелердин санын кыскартууга жана алдын алууга багытталган конкреттүү сунуштарды жана саясатты иштеп чыгуу болмокчу.
Изилдөөнүн негизги ыкмасы – 12 серепчи тарабынан сурамжылоонун жүргүзүлүшу.
Жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, Кыргызстан-дагы эрте кыйылган никелер жашыруун көрүнүштөрдүн санына кирип, бул маселеде статистикада кемчилиги бар сыяктуу. Кыргыз Республиканын Баш мыйзамында бойго жетиле элек кыздар/балдар менен нике кыйууга тыюу салынып, ага өз алдынча жоопкерчилик көрүлгөн.
Аналитикалык записканын үстунөн иштеп жаткан учурда эрте никелер көбүн эсе ата-энелердин ортосунда болгон макулдаштыктан кийин орун алып жатканы байкалды. Эрте никелешүүнү уюштургандардын көбү жазасыз калып, жабыркаган тарап болсо моралдык да, материалдык да
жактан жабыркаганы үчүн доо кое албас абалда болууда, анткени анын да ата-энеси кылмыш иштин катышуучуларына айланып калууда.
Кыргызстанда ислам динин калктын калың катмары тутканын баса белгилеп кетүү зарыл, анткени мусулманчылык адамдын өзүн алып жүрүүсүнө жана жалпы салттарына чоң таасирге ээ. Исламда, өзгөчө айыл аймактарында никелердин жаш куракта кыйылуу учурлары салттуу түрдө кездешип келүүдө. Никенин жаш куракта кыйылышы кыздын аруулугун сактап,
никеге чейинки керексиз байланыштардын түзүлүшүн алдын алуунун бир жолу катары эсептелет.
Аялдардын жана укук коргоо жарандык коомчулугунун активдүүлүгүнө, гендердик тең укуктуулуктун жаатында алдыга жылган мыйзамдуулуукка карабастан,учурдагы кыргыз коому диний жана патриархалдык стерео- типтерге кайтып келүүдө. Башкача айтканда, аялдардын ролун жана маанилүүлүгүн кемсинткен салттар менен үрп-адаттары кайрадан орун алууда.
Патриархалдык позиция кээ бир аялдарды үйдө калууга мажбурлоо менен аялдар экинчи пландагы ролго ээ болуп калууда. Эмдигиче, кыз-келиндер бой жеткен соң тез арада турмуш куруп, үй иштери менен алек болуп, үй- бүлөнүн мүчөлөрүнө кам көрө турган киши катары кабыл алынып келе жатат.
Бул иште улуттук жана эл аралык дэңгээлдеги мыйзамдарга серепти камтып, никелердин эрте кыйылып жаткан учурларынын алкагында колдонулган практикаларга талдоо жүргүзүлмөкчү. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар менен коом үчүн чечимдерди кабыл алуу саясаты боюнча сунуштар берилген.
Авторлор: Динара Калдыбек кызы, Джамиля Капарова
Ментор: Беймишева Айгуль, профессор, PhD